Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров мамлекет башчысы катары Орусияга болгон биринчи чет өлкөлүк иш сапарынын алкагында «Российская газетага» көлөмдүү маек берди. Маек гезиттин бүгүнкү, 2021-жылдын 26-февралдагы санына жарыяланды.
Маек учурунда Жапаров өлкөгө келген туристтер үчүн шарттарды жакшыртууга болгон күч-аракет жумшала турганын билдирген.
— Кыргыз өлкөсүндө туризм тармагы жетиштүү деңгээлде бааланбай калган, анын ичинде Орусия тарабынан дагы. Туристтерди тартуу үчүн Кыргыз өлкөсү эмне кылышы керек?
— Кыргыз өлкөсүндө эс алуу жана туризм мүмкүнчүлүгү орусиялыктар үчүн жаңылык эмес, анткени Совет доорунда Кыргыз ССРинде велоспорт, аскага чыгуу, альпинизм жана алыска жөө саякаттоо абдан белгилүү жана популярдуу болгон.
Советтик саякатчылар биздин өлкөнү өздөрүнүн тоо маршруттарына киргизген. Мисалы, алдыңкы советтик «Турист» туристтик журналы Кыргыз ССРинин туристтик маршруттары жөнүндө көптөгөн макалаларды жарыялаган.
Мындан тышкары, Совет мезгилинде жыл сайын космонавттарды калыбына келтирүү, дарылоо жана эс алуу үчүн Ысык-Көлдүн жээгине жөнөтүп турушкан. Бул Ысык-Көлдүн кайталангыс жаратылыш климаты жана ден соолукту калыбына келтирүү үчүн дээрлик идеалдуу шарттары бар экендигин айгинелейт.
Эң бийик тоо чокуларынын жана түшүмдүү өрөөндөрдүн сакталып калган жаратылышы жана таза экологиясы туристтер үчүн Кыргыз өлкөсүнүн визиттик карточкасы болуп саналат.
Бүгүнкү күндө туристтердин олуттуу бөлүгүн кыргыз элинин улуттук маданиятынын, тарыхынын жана искусствосунун өзгөчөлүктөрү — дүйнөдөгү эң ири «Манас» эпосу, Улуу Жибек Жолу, элдик кол өнөрчүлүктүн өзгөчөлүктөрү, башкаларга окшобогондугу жана боз үйдүн оригиналдуулугу, мүнүшкөрлүк, «Көк-Бөрү» ат оюну, көрүнүктүү дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары, бүткүл дүйнөгө белгилүү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, ошондой эле тарыхый эстеликтер «Бурана» мунарасы, «Манас-Ордо» комплекси, «Сулайман-Тоо», «Таш-Рабат», «Өзгөн» тарыхый-маданий комплекси жана башкалар кызыктырат.
Белгилей кетүүчү нерсе, республиканын Евразия экономикалык бирлигине кириши өлкөнү орусиялык туристтерге жакындатты.
Акыркы жылдары Орусиядан биздин өлкөгө келген туристтердин саны өсүүдө. Баарына белгилүү болгондой, 2020-жылы коронавирус пандемиясынын кесепетинен дүйнөлүк туризм тармагы оор жоготууларга учурады. Кыргыз өлкөсү дагы алардан сыртта калган жок. Өлкөлөр ортосундагы чектөө иш-чараларынан улам биз туристтерди кабыл ала алган жокпуз.
Буга карабастан биз туризм тармагынын келечегине оптимисттик көз караштабыз жана бул тармакты өнүктүрүүгө жана туристтер үчүн шарттарды жакшыртууга болгон күч-аракетибизди жумшайбыз.
Туризмдин бардык түрлөрүн өнүктүрүүдө өзгөчө роль адам факторуна, тактап айтканда, өлкөнүн карапайым тургундарына жүктөлөт. Кыргыз эли меймандос келет. Адамдар менен баарлашууга ачык жана сабырдуулук сапаттарына ээ. Элдин бул сапаттары чет өлкөлөрдө да белгилүү. Биздин элдин мындай мыкты сапаттары Кыргыз өлкөсүнүн эң сонун туристтик имиджин жаратат.
Кыргызстан коронавирус пандемиясына байланыштуу азыркы учурдун шартында рекреациялык туризмди уюштуруу боюнча чоң артыкчылыктарга ээ. Орусиядан келген туристтер дагы ар түрдүү элдик дарылоо ыкмаларын колдонуу менен Ысык-Көлдө убакыт өткөрүп, эс алуунун рекреациялык түрүн тандашат. Ошондой эле Улуу Жибек Жолу аркылуу ыйык жайларга барышат.
Алдыдагы туристтик сезонго карата биздин санаторийлер жана пансионаттар ишин кайрадан жандантып, чет элдик туристтер үчүн эң ыңгайлуу шарттарды даярдашат.
— Кыргызстанга келген туристтерге кайсы улуттук сувенирлерди алууга кеңеш берет элеңиз? Кайсы улуттук тамактарды сунуштайт элеңиз? Үй-бүлөңүздө улуттук тамактар жасалып турабы?
— Кийиз кыргыз эли үчүн өзгөчө мааниге ээ жана көчмөндөрдүн күнүмдүк турмушунда алмаштырылгыс материал болгон. Ошондуктан мен туристтерге сувенир катары кийизден жасалган буюмдарды алууну сунуштайм. Кийиз жасоо кылымдардан бери муундан-муунга өтүп келе жатат. Андыктан андан жасалган буюмдар тарыхый жана маданий жактан өтө баалуу.
Ал эми тамак-аш маселесине токтолсок, эт улуттук тамак-ашта өзгөчө орунду ээлегендиктен мен кыргыз мергенчилеринин уникалдуу таш-кордо тамагынан даам сызып көрүүнү сунуштайм. Аны даярдоо үчүн тереңдиги бир метрге жакын атайын чуңкур даярдалып, дубалдарына таштар коюлуп от жагылат. Отундун чогу калганда жаныбардын эти ысык таштарга төшөлүп, үстүнөн бутактар, териси жана топурак менен жабылат. Мындай тамакты үй шартында даярдоо бир топ түйшүктү жаратат, андыктан ал өзгөчө учурларда гана жасалат.
Албетте, улуттук ашкана жөнүндө сөз болгондо биздин айтылуу бешбармак жөнүндө сөз кылбай коё албайбыз. Ал өлкөбүздүн дээрлик бардык үй-бүлөлөрүндө жасалат. Биз дагы үй-бүлөбүз менен бул тамакты абдан жакшы көрөбүз.