2-мартта Бишкектин Ак-Босого-1 жана Ак-Босого-2 конуштарында таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
"Жазгы-жайкы оңдоо иштерине байланыштуу Ак-Босого-1 жана Ак-Босого-2 конуштарында бүгүн, 2-мартта саат 09:00дөн баштап 18:00гө чейин таза суу берилбейт. Мындан сырткары Сары-Челек, Нурекский, Андижан жана Бухара көчөлөрүндө (анын ичинде №81 мектеп, №2 "Алтынай" бала бакчасы, №14 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, №15 участкалык милиция жана №16 аймактык башкаруу бөлүмдөрүндө) дагы таза суу берүү убактылуу токтотулат.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана шаардыктардан ичүүчү сууну камдап алууну өтүнөбүз", - деп билдиришти мэриядан.