"Атайын жарык чагылдыруучу кийимдерди кийип турганыбызга карабай сүздү". "Тазалыктын" жумушчусун сүзүп кеткен айдоочу 17 жашта

Бишкекте "Тазалык" ишканасынын жумушчусун сүзүп кеткен айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бир нече күн мурун "Тазалык" муниципалдык ишканасынын Мадина Токобаева аттуу жумушчусу апасы Жылдыз Орозалиева менен бирге Каралаев жана Суеркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жөө адамдар өтүүчү жолду шыпырып жатышкан. Эки кызматкер тең атайын чагылдыруучу кийимдерди кийип турганына карабастан, катуу ылдамдыкта келе жаткан кара түстөгү BMW үлгүсүндөгү унаа Мадина Токобаеваны сүзүп кеткен.
Жаракат алган жумушчунун апасынын айтымында, унаанын катуу үнүн угуп ал чуркап барганда, кызынын бети-башы кан болуп, эс-учун жоготкон абалда жаткан. Ал унаанын номерин көрүүгө жетишпей калганын, айдоочу болсо качып кеткенин айткан.
"Бактыга жараша, жабырлануучу "Тез жардам" унаасынан эсине келген. Анын баш мээси чайкалып, буту сынган, сол бети жабыркап, жүзүндө көп тактар ​​бар. Кырсыктан кийин айдоочунун Фархад аттуу тууганы ооруканага келип, Мадина Токобаеванын дарылануусуна жарым-жартылай каражатын төлөп берген. Ал эми унааны башкарып бара жаткан 17 жаштагы жигит болгон. Учурда кырсыктын себептерин аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, "Тазалыктын" кызматкерине материалдык жардам көрсөтүлдү. Бүгүн, 1-мартта мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов жана вице-мэр Жамалбек Ырсалиев ооруканага барып жарадар болгон жумушчуну көрүп келишти. Учурда анын абалы канааттандырарлык, өз алдынча отуруп калды", - деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, 24-февраль күнү болжол менен саат 06:30 чамасында белгисиз айдоочу "Тазалык" ишканасынын 37 жаштагы жумушчусун сүзүп, качып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан