АКШ кримтөбөл Камчы Көлбаевдин абактан бошотулушуна тынчсызданууда. Бул тууралуу АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Дональд Лу билдирүү жасады.
"Камчы Көлбаевдин баңгизаттарын сатуу тармагы Борбор Азияда, Орусияда жана Европада балдарды ууландырып жатат. Ошондуктан АКШнын Мамлекеттик департаменти бул кылмыштуу тармакты жок кылуу үчүн маалыматка миллион долларга чейин сыйлык сунуш кылган", - деген Дональд Лу.
Мындан тышкары Лу Вашингтон Көлбаевдин кылмыштуу тармагын жок кылгандыгы үчүн сунушталган сый акыны көбөйтүү жана кыргыз өкмөтүнө өлкөнү Көлбаевдин кылмыш дүйнөсү тарабынан келтирилген коркунучтан арылтууга жардам берүү үчүн Кыргыз жарандарына бул сыйлыкты алууга мүмкүнчүлүк берген механизмди түзүү ниети бар экендигин билдирген.
Эске салсак, крим авторитет Камчы Көлбаев 2020-жылдын 22-октябрында кармалган. Ал 23-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө амалдары жүрүп жаткан учурда УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.
Ага карата "кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кийин, 2-ноябрда №47 абакка которулган. Кечээ, 2-мартта ал эч жакка чыкпоо тил катынын негизинде эркиндикке чыкты.