Ырчы Анжелика: "Кырсыктап калганда Сабырбек Жумабеков операция жасап, бутума тургузат дегем"

Ырчы Анжелика автокырсыкка кабылганда чет өлкөгө барып дарылануу оюнда болбогонун айтат. Айтымында, операцияны академик Сабырбек Жумабеков жасайт деген ишеничи болгонун SUPER.KG сайтына берген маегинде айтты.

"Кырсыктап калганда дароо эле Сабырбек Жумабеков операция жасап, бутума тургузат дегем. Анткени ал ары оор, ары таң калычтуу операцияларды жасаганы менен белгилүү эмеспи.Сабырбек Жумабеков тамашалап "чет өлкөгө барсаң деле мени чакырышмак, бирок операцияны башкача акча менен жасатмаксың" деп айтты. Чет өлкөгө барып дарылануу тууралуу оюм болгон жок. Мындан ары деле болбойт.

Бизде деле мыкты, мыкты дарыгерлер бар. Болгону нейрохирургия боюнча адистер, аппараттар жетишсиз экен", - дейт ырчы.

Эске салсак, Анжелика 23-январда жол кырсыгына кабылып, анын кесепетинен өзү жана 5 жаштагы кызы жаракат алганы маалымдалган. Ысык-Көл облусунун Түп райондук ооруканасынан кырсык тууралуу маалымат беришкен. 24-январда ырчыга шашылыш операция, 25-январда 5 жаштагы кызына операция жасалган.

Кийинчерээк, ырчынын улуу кызы Айымага да операция жасалары күтүлүп жатканы белгилүү болгон. Академик Сабырбек Жумабеков Анжелика балдак менен басып баштаганын, ал эми анын улуу кызы Айыманын моюн омурткасына операция жасалганын, абалы канааттандырарлык экенин билдирген.

Анжелика жашоосундагы өзгөрүүлөрүн айтып берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Djumahmatov
2021-03-04 20:43:16
Ушул созу мактоого татыктуу соз болуптур молодец
+5
Zumrudianka
2021-03-04 21:14:32
Анжелика ийгиликтуу акылдуу айым
-1
Kona8631
2021-03-04 21:41:43
Ну неге ну неге а ну неге опять она а))))
+3
Aky12
2021-03-05 08:59:26
Kona8631,ичин куйсо туз жала, жакшы жардам берет
-3
Aka85_25
2021-03-05 16:38:16
Аллахым бутуна тургузду!Мактоого Аллах гана татыктуу!
+2
emil91
2021-03-07 10:47:30
Aka85_25,
Анжелика да баардык мактоого татыктуу. Анжелика оз акылы, эмгеги менен бутуна турду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан