Анжелика жол кырсыгына кабылган унаа курбусуна таандык болгон

Ырчы Анжелика автокырсыкка кабылган унаа курбусуна таандык болгон. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына маек берип жатып билдирди.

"Чакыруу боюнча эс алууга курбуларым, кыздарым болуп Караколго бара жатканбыз. Курбум Мээрим узак жолго унаа айдабай эле коёюн деп унааны Асел аттуу курбума берген. Жолдо бара жатканда унаа тайгаланып кетти. Унаанын мен отурган тарабы эле урунган. Кыздарым, курбуларым деле жаракат алганы билинген эмес", - деди ал.

Анжелика айым курбуларынын абалы жакшы экенин, бүгүнкү күнгө чейин Асел аттуу досу жанында жүрүп, карап жатканын кошумчалады.

Эске салсак, Анжелика 23-январда жол кырсыгына кабылып, анын кесепетинен өзү жана 5 жаштагы кызы жаракат алганы маалымдалган. Ысык-Көл облусунун Түп райондук ооруканасынан кырсык тууралуу маалымат беришкен. 24-январда ырчыга шашылыш операция, 25-январда 5 жаштагы кызына операция жасалган.

Кийинчерээк, ырчынын улуу кызы Айымага да операция жасалары күтүлүп жатканы белгилүү болгон. Академик Сабырбек Жумабеков Анжелика балдак менен басып баштаганын, ал эми анын улуу кызы Айыманын моюн омурткасына операция жасалганын, абалы канааттандырарлык экенин билдирген.

Анжелика жашоосундагы өзгөрүүлөрүн айтып берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ozgocho111
2021-03-04 23:19:24
Кимге кызык кимдин машинасы...ансыз деле карапайым эл кымбатчылыктан жадап турганда.Дегеле ушул Анжелика темасы бутпос болду...
+10
Gulizaa
2021-03-08 23:14:48
Ozgocho111,кайра ушуларды талкуулап ,ушулалардан тажаганыбыз жакшы окшойт,чем кымбаттоо ,жалпы элге зыян берген нерселерден алыс болуп.АЛЛАХЫМ шыпаа берсин айыгып кетиниздер.Негативтен алыс бололу.Ар бир жазганыбызга да жооп беребиз.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан