Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Орусия Федерациясынын Премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушат. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү маалымдады. Жолугушуу 4-5-декабрда Бишкек шаарында өтчү ШКУнун алкагында болмокчу. Жолугушууда ушул жылдын сентябрь айында президент Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон иш сапарында сүйлөшүлгөн келишимдин аткарылышы тууралуу талкуу болот.