Опера жана балет театрындагы жагдай боюнча атайын комиссия түзүлдү

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болгон жагдай боюнча атайын комиссия түздү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, комиссиянын ишине бул тармакты билген адистер, юристтер, аудиторлор жана балет искусствосунун өкүлдөрү кирген.
Комиссия 10 жумушчу күндүн ичинде бул окуя боюнча эки тараптуу дыкат кароонун жыйынтыгы менен театрдын жетекчилигине мындан ары чечимдерди кабыл алуу үчүн сунушун жөнөтөт.
Эске салсак, аталган театрда 6-мартта Орусиядан келген балет жылдыздары Екатерина Первушина жана Сергей Мануйловдун катышуусунда "Ак куулар көлү" спектакли коюлмак. Бирок жергиликтүү опера жана балет театрынын балетчилери аталган спектаклге катышуудан баш тарткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан