Депутат Тотонов: "Курулуш тармагы ички дүң продукциянын 9-10 пайызын камсыздайт"

Курулуш тармагы ички дүң продукциянын 9-10 пайызын камсыздайт. Бул тууралуу депутат Нурбек Тотонов “Парламент” радиосунун түз эфиринде билдирди.

"Кандай гана инвестиция келбесин, кайсы гана иш болбосун бардыгы курулуш иштеринен башталат. Андыктан, бул тармактын талыкшып калышы жарабайт. Жумуштун илгерилеп турушу - жакшы шарттын түзүлгөндүгүнөн көз каранды. Ошондуктан “өгүз өлбөсүн, араба да сынбасын” деп тараптарды калыс таразалаган соң гана уруксат кагаздары берилсе ашыкча ача пикирлер жаралбас эле", - деди эл өкүлү.

Ошондой эле ар бир кардарга кадырлоо менен мамиле жасаган маданият бардык тармакта калыптанышы керектигин айткан депутат Тотонов “Түндүк” системи аркылуу тейлөө иштеринин жакшы деңгээлде жөнгө салынып жаткандыгына да токтолду.

"Стратегиялык объекттерге жакын жерге салынган курулуштардын көйгөйлөрү калыс чечилгени дурус", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан