Референдум тууралуу мыйзам долбооруна кайсы 6 депутат "каршы" деп добуш берди

Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңеште референдум жөнүндө мыйзам долбоору экинчи, үчүнчү окууда кабыл алынды.

Жалпы 100 депутат каттоодон өтүп, "макул" деп 94, "каршы" деп 6 депутат добуш берди. Каршы добуш бергендер: Жанар Акаев, Дастан Бекешев, Бактыбек Жетигенов, Чынара Урумкалиева, Наталья Никитенко, Рыскелди Момбеков.

Кечээ, 10-мартта референдум тууралуу мыйзам долбооруна добуш берилген эмес.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Бактыбек Турусбеков Конституциянын долбоору боюнча референдумду 11-апрелге белгилөө сунушталып жатканын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан