Нарында экстремисттик уюмдун мүчөсү өз каалоосу менен андан баш тартты

Нарында экстремисттик уюмдун мүчөсү өз каалоосу менен андан баш тартты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, "Хизбут-Тахрир аль-Ислами” уюмунун идеологиясын колдоп жүргөн Нарын шаарынын тургуну аталган уюм мыйзамсыз экендигин түшүнүп, өз ыктыяры менен экстремисттик уюмдун идеологиясын колдоодон баш тартты.

Ал “салттуу ислам” эрежелери менен дин тутууну туура көрүп, мындан ары республикада тыюу салынган уюмдар менен байланышпоо, мыйзамдуулукту сактоого милдеттенди.

Ошондой эле аталган жаран башкаларды да тыюу салынган экстремисттик уюмдардын идеологиясын колдобоого үндөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
prorab
2021-03-11 14:38:06
Салттуу ислам деген болбойт, батыштын сандырак сөзүн айта бересиңерби. Андан көрө жөнөкөй дин менен жашайт экен дегиле да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан