"60 жылдык юбилейден кийин ууланып, өз алдынча дарыланышкан". Кара-Суудагы массалык уулануу боюнча министрликтин маалыматы

Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган күндүк кечеден кийин уулануудан 2 аял каза болгону маалымдалган. Ошондой эле 11 жаран ооруканада жатканы белгилүү болгон.

Бейтаптар өз алдынча дарыланып, абалдары оорлошкондо гана медициналык жардам алууга кайрылганын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун алдын ала маалыматы боюнча, 9-мартта Кара-Суу районунда 10 адам консерваланган тамак-аштарды (үй шартында жасалган салат, компот, кыям) колдонуудан улам ууланган деген диагноз менен каттоого алынган.

Ошол эле күнү Нариман үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна 10 жаран башы, ашказаны ооруп, кусуп, оозу кургап, бир нерсе жутаарда кыйынчылык болуп жатат деп кайрылышкан. Бейтаптар дароо дарыланууга жаткырылган. Бүгүнкү күндө 8 бейтап Кара-Суу аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланууда. Ал эми эки бейтаптын абалы оор делинип Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жана Нариман ооруканасында жатат.

Эпидемиологиялык териштирүүнүн жүрүшүндө уулангандардын баары 6-мартта 60 жылдык юбилейин өткөргөн тууганыныкына барышканы белгилүү болду. Эртеси күнү уулануунун белгилери байкала баштаган, бирок алар дарыгерлерге кайрылбай өз алдынча дарыланышкан. 9-мартта түштөн кийин абалдары оорлошкондо гана ооруканага кайрылышкан.

Кара-Суу райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн адистери ууланууну аныктоо үчүн "Ассорти" салатынан бир банка, абрикос, алча, айва компотун, туздалган бадыраң, абрикос кыямын алып, лабораторияга жөнөтүштү. Учурда иликтөө иштери улантылууда", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
TIMON_BERKOWITZ
2021-03-11 15:58:58
Коронавирус тынчый электе отравирус башталгандай.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан