Психикалык жактан жабыркаган адамдар менен коомчулукка аралашып чогуу эле жашап жүрөбүз. Тилекке каршы, психикалык дарты күчөп кеткен маалда көп адамдар жабыр тартып келе жатканы маалым. Аталган дарт менен жабыркаган адамдардын оорусу күчөп кеткенин кантип байкаса болот, кандай учурда бул дартка кабылышат жана башка ушул сыяктуу суроолорго SUPER.KG порталына Республикалык психикалык ден соолук борборунун директорунун дарылоо боюнча орун басары Кубанычбек Эрмегалиев жооп берди.

- Психикалык оорулар менен жабыркаган адамдар коом менен бирге жашаганы кооптуу эмеспи?
- Психикалык оорулар менен жабыркаган ар кандай адамдар бар. Алар коом менен жашашы керек. Алар менен чогуу жашаган кооптуу деле эмес. Оорулардын козголгон учурларында кооптуу болушу мүмкүн. Ал учурда атайын ооруканаларга жаткырып дарылаш керек, дарылабаса болбойт. Антпесе алар коомго, өздөрүнө зыян кылып коюшу да мүмкүн.
Ооругандардын көбүнчөсү кооптуу деле эмес. Биздин коомдо ооруган кишилердин көбү кадимкидей эле биздей болуп жакшынакай жашап жүргөндөрү бар. Алар коомдо жашаш керек, аларды такыр эле бөлүп койгон же болбосо бир жакка жаап койгон туура эмес. Биздей эле алардын да бардык укуктары бар. Ошон үчүн алардан эч коркпой жашаш керек. Учур-учуру менен дарыланып, алдын ала турган дарыларын ичип турушса эч кандай зыян болбойт.
- Психикалык жактан жабыркаган адамдардын оорусу кармап калганын кантип билсе болот жана кандай сактануу керек?
- Алар кичине урушчаак болуп, нары-бери басып, өзү менен өзү сүйлөшөт. Андан сырткары өзүнө зыян кылып коюшу да мүмкүн. Өзүнүн ушул сыяктуу белгилери бар. Эгерде ошол симптомдору пайда болсо жакын адамдары, туугандары же чогуу жүргөн кишилер сөзсүз адиске алып барып, көрсөтүп, дарылап өзүнө-өзү кол салып ийбегидей кылып же болбосо коомго зыянын тийгизбегидей кылып дарылоо керек.
Көп учурда мага суроо беришет, алдын алуу жолу кандай деп. Диагнозуна жараша болот. Спорт менен машыгыш керек, алкоголь, чылым, наркотик сыяктуу зыян нерселерден алыс болуу талапка ылайык. Өзүн-өзү жакшы карап, жакшы алып жүрсө эле эч кандай ооруга чалдыкпай калышы мүмкүн.
- Мезгилге жараша психикалык оору менен жабыркаган адамдардын дарты күчөшү мүмкүнбү?
- Мүмкүн. Анткени бизде күзүндө, жазында көп оорулардын козголгондугун байкайбыз. Козголоордун алдында ар кандай белгилери пайда болот. Уктабай калат, ары бери басып калат же уруша баштайт. Жаңы башталып келе жаткан учурларды байкаганда сөзсүз дарыгерлерге кайрылып, дарыларды ичсе учурунда жакшынакай болуп калат.
- Алардын колунда психикалык дартын аныктаган маалымкаты бар. Кудай сактасын, бирок башка бир адамдарга залал келтирген болсо, жоопкерчилигин ким алат?
- Ар бир ооруган адамдын же эсепте турган адамдын колунда эч кандай маалымкаты болбойт. Андай маалымкаттар жок жана берилбейт. Эгерде майыптыгы бар болсо маалымкат берилет. Мыйзам боюнча колуна эч кандай документ карматпайбыз. Бизде кимдер эсепте турат, кимдер дарыланып жатат аны эч ким деле билбеши керек. Бир гана милиция, прокуратура, соттордун суроо каты менен гана маалымат берилет.
Андай маалымкат менен жоопкерчиликтен качып кете алышпайт жана өздөрүнүн колуна берилбейт. Ооруган адам мыйзам бузса, тергөө органдары экспертиза жүргүзөт. Бизде эксперттик соттук комиссия бар, ошолор кылдаттык менен жооп берет же жооп бере албайт деп жыйынтык чыгарышат. Андан ары эмне кылуу керектигин сот гана чечет. Эгер мыйзамсыз иш кылса, кылмыш жана жарандык иши болуп экиге бөлүнөт. Ошого жараша тергөөчүлөр соттук-психиатриялык экспертизадан өтүүсү керек деп чечим чыгарып берет. Эгер жооп бере алса, сот кылган кылмышына жараша өкүм чыгарат. Эксперттер жооп бере албайт деп чечим чыгарса, анда сот аларды мажбурлоо түрүндө дарылоого жөнөтөт.
- Аталган дарт менен жабыркаган адамдар канча убакытта бир дарыланып туруусу кажет?
- Дарттын диагнозуна жараша болот. Эгерде диагнозу өнөкөт оорусу болсо узак убакытка чейин дарыланыш керек. Жеңил дарт менен ооругандардын саны көп аларды учур-учуру менен алдын алуу жолу аркылуу дарылап туруу керек. Ошон үчүн мындай учурда дарыланыш керек деген так маалымат жок.
- Бул ооруга адамдар кандай жагдайда кабылышат же тубасабы?
- Өнөкөт оорулардын көбү укум-тукумдан тубаса болуп берилет. Жеңил түрлөрү болсо кийин пайда болгондор. Мисалы жаракат алып, авто кырсыктап же башына бир нерсе тийип ооруп калгандар да көп. Алардын айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү батыраак болот.
- Бул дарт менен күрөшүп, толугу менен айыгып чыгууга мүмкүнчүлүктөр барбы?
- Коюлган диагнозуна жараша болот. Өнөкөт оору болсо анда узакка чейин созулат. Кээ бирөөлөр бар өмүр бою дарыланат. Жеңил түрү менен ооругандарды жакшылап дарыласа, көбү айыгып кетет. Өнөкөт оорулар менен ооругандар үчүн алты бөлүмүбүз бар. Калган эки бөлүмүбүз жеңил түрүндө ооругандар үчүн. Алардын бардыгы толугу менен айыгып кетет.