Кыргыз тасмасы "Ника" киносыйлыгына көрсөтүлөт

Кыргыз режиссёру Артыкбай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы "КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты фильми" номинациясы боюнча "Ника" киносыйлыгына көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, тасма Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган. Киносыйлыктын жеңүүчүлөрү Кинематография искусствосу академиясынын мүчөлөрүнүн жашыруун берген добушу аркылуу аныкталат.

"Орусиянын "Ника" киносыйлыгынын "КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты кинокартинасы" наамына Өзбекстан, Казакстан жана Азербайжандагы режиссёрлордун эмгектери да ат салышат", - деп айтылат билдирүүдө.

"Ника" киносыйлыгы 1987-жылы СССРдин кинематографисттери тарабынан түптөлгөн, негиздөөчүсү - Юлий Гусман болуп саналат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан