Иттер ымыркайдын колу менен башын чайнап салган делген Аксыдагы окуя. Милиция баланын энесин издеп жатат

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Кум айылында жаңы төрөлгөн ымыркайдын иттер тиштеген жансыз денеси табылганы тууралуу SUPER.KG порталына аталган айылдын атын атагысы келбеген тургуну билдирген эле.

Бүгүн, 12-март күнү облустук милиция бул окуя боюнча маалымат таратты.

"10-март күнү Аксы РИИБине Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагынан эч ким жашабаган үйдүн короосунан ымыркайдын жансыз денеси табылгандыгы кабарлаган.

Окуя болгон жерге тергөө ыкчам тобу чыгып кароо жүргүзгөндө эркек ымыркайдын жансыз денеси жылаңач, бети жана колдору жарым-жартылай тытылган абалда табылган.

Бул факты Аксы РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, учурда окуя боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

Буга чейин Ош шаарындагы үйлөрдүн биринин балконунан баштыкка оролгон наристенин жансыз денеси табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Akyl78.1501
2021-03-12 10:55:13
Төрөгөн энесин таап итке салып бергиле. Эмне деген эне өз баласын таштап койгон. Тырмака зар болгондор канча
+6
kaya89
2021-03-12 14:54:26
Энеси эле эмес атасын кого жазалаш керек эркек соорой жоопкерчиликти сезип кызды алса эне соорой баланы таштап кетмек эмес экоону чогу жазалаш керек
+5
Haanykeim
2021-03-13 09:17:31
Эмне деген көргүлүк..Барган сайын эмне болуп баратабыз.Балага зар болосуңар эми..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан