Өзбекстан менен Кыргыз өлкөсү үч айдын ичинде мамлекеттик чек араны делимитациялоо маселесин чечиши мүмкүн. Бул тууралуу аталган өлкөнүн президенти Шавкат Мирзийоев президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйын берип жатып айтканын өзбекстандык басылмалар жазып чыгышты.
Айтымында, эки өлкөнүн ортосундагы чек ара маселеси жакынкы аралыкта чечилиши мүмкүн.
"Биз тарыхта биринчи жолу конкреттүү чек ара маселесин ким, качан чечиши керектигин сүйлөштүк. Бул абдан талылуу маселе. Эл маселе качан чечилет деп күтүп жатат. Биз Садыр Жапаров менен маселенин ар бир пункту боюнча конкреттүү сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Ошондой эле маселени 3 ай ичинде чечүү датасын дагы тактадык", - деген Мирзийоев.