Биз социалдык тармакта

"Сох анклавына коридор берилбейт". Баткен облустук администрациясы билдирүү таратты

Өзбекстандын Сох анклавына коридор берилет деген туура эмес маалымат. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын маалымат кызматы билдирүү таратты.

"Эки өлкө башчыларынын расмий жолугушуусунун жыйынтыгы менен Кыргыз тарап өлкө аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавына коридор берет деген туура эмес маалыматтар тараган. Өзбекстанга коридор берилет деген сөздөр туура эмес. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында буга чейин пандемияга байланыштуу жабылган Баткен облусунун Кадамжай районундагы "Кайтпас" көзөмөл өткөрүү жайын кайра ачуу, жандантуу макулдашылган.

Аталган жайдан кошуна мамлекеттин жарандары, мурдагыдай эле тартип менен, документтери текшерилип, катталуу менен өтөт. Өзбекстан жарандары Кыргыз өлкөсүнө "Кайтпас" өткөрүү жайы аркылуу кирип, Сох районуна чейин Кыргыз өлкөсүнүн аймагы аркылуу жүрүп, "Өтүкчү" көзөмөл өткөрүү жайынан кайрадан текшерүү менен Өзбекстандын Сох районуна киришет", - деп жазылат билдирүүдө.

Кечээ, 13-мартта өлкө башчы Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Галина Байтерек президенттин Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгы боюнча билдирүү жасап, анда Өзбекстан тарап Үңкүр-Тоо аймагын Кыргыз өлкөсүнө берүүгө, ал эми Кыргыз тарап Сох анклавына транспорттук жана аба каттамдарын ачууга даяр экенин билдирген. Бул билдирүү интернет колдонуучулар тарабынан дароо талкууга алынган.

Кийинчерээк бул маалымат президенттин сайтынан өчүрүлүп, анын ордуна Галина Байтеректин башка билдирүүсү жарыяланды. Анда Өзбекстан тарап Кыргыз өлкөсүнөн Үңкүр-Тоо аймагын талап кылбай турганы белгиленип, өз кезегинде Кыргыз өлкөсү Өзбекстандын Сох анклавына аба каттамын ачууга даяр экени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
nazira...
2021-03-14 18:57:16
Байтерек эмес Сайтерек экен ошентип да жазабы, канча адам окуду, билбесе жазбасын да, билген адамды койгула, бүт кыргыз эли окуду аны.
+12
kamal777
2021-03-14 19:32:09
Прессекретар эмне учун туура эмес маалымат берет.
+9
AdylbekB84
2021-03-14 19:58:07
Бул Галина Байтерек деген эжекебиз КТРде орус тилдүү прогроммаларды алып барса керек эле менимче, ошон үчүн кыргыз тилинде жазганда ката кетирип жатабы же эч ким менен кеңешпей туруп билгенин кылып жазып жатабы түшүнүксүз. Мамлекеттин 1 -катчысы ушинтип жатса Жапаров буга чара колдонушу керекко дейм!
+5
Nur777
2021-03-14 20:26:09
Срочно алмаштыргыла пресскатчынарды,минтип отурса Ажобуздун аброоюна шек келтирет.
+4
Kombi
2021-03-14 22:39:54
Кайран элим. Алдап коюш онойда бизди. Даже сох дагы биздики болгон дешет. Ошондо кудум ушинтип барган ашты жедирип алтын беребии же башкабы кыскасы сохту сурайтта дача катары аренда дегендей деп ошентип алданган экен.
+3
Kombi
2021-03-14 22:42:26
Алдап Сохту берин Энди деп алып койгон дейт
+3
PROS
2021-03-15 10:04:36
Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт демекчи бул жерде пресскатчы эч ким эмес, президенттин айтканын жазат болду. Жапаров жалаң Сокенин сабатсыз кадрларын жыйнап алды айланасына, бул жол менен КРны өнүктүрө албайт.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан