Биз социалдык тармакта

Мэрия: "Борбор калаанын көчөлөрүн кардан тазалоо үчүн бир күндө 490 тонна техникалык туз сарпталды"

Бүгүн, 15-мартта борбор калаанын көчөлөрүн кардан тазалоо үчүн 490 тонна техникалык туз сарпталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында "Тазалык" муниципалдык ишканасынын 648ге жакын көчө шыпыргыч, 118 жүктөгүч жана катуу таштандыларды чыгаруу боюнча 100 адамдан турган топ туруктуу иштешүүдө.

"Жол эксплуатациялоо башкармалыгынын 22 кызматкери атайын техниканы тартуу менен иштешүүдө: МАЗдын базасында 22 кар тазалоочу машина, 4 универсалдуу УКМ унаасы, 4 "Беларусь" кичи трактору, 2 фронталдык жүктөгүч жана 1 жүк ташуучу ЗИЛ-30", - деп жазылат маалыматта.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан