Биз социалдык тармакта

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев: "Мамлекет кээ бир жерлерин берип, кээ бир жерлерин алып, чек араны такташы мүмкүн"

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 15-март күнү Баткен облусунун Самаркандек айылына барып, эл менен жолугушту. Жолугушууда ал төмөнкүлөрдү билдирди.

"Ойлобогула, чек араны чечсе эле жер берет же алмаштырып коёт деп. Андай болбойт. Чек араны чечүү комиссиясынын башында мен турам. Кантип эле мен бир метр жерди берип коём, кантип эле Садыр Жапаров элге каршы келген чечим кылсын? Бардык маселе Кыргыз өлкөсү, Тажикстан, Өзбекстандын кызыкчылыгын тууралап туруп анан чечилет. Самаркандектин бир гектар жери ушул айылдын эле жери эмес. Ал жер - мамлекеттин жери. Мамлекет кээ бир жерлерин берип, кээ бир жерлерин алып, чек араны такташы мүмкүн. Ошол учурда биздин башкы максат элибиздин тынччылыгы жана кызыкчылыгын сөзсүз сактайбыз. Силер бизге ишенгиле. Чагымчылдар бар, ар кайсы нерсени айтып жаткандар бар. Азыр эми Сохтон коридор берип салыптыр деп айтып жатышат", - деди Ташиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
zam81
2021-03-15 17:59:49
Оздору айтып кайра тая береишет
-2
almanbetperm
2021-03-15 18:15:21
Кээ бир жерлерин берип, кээ бир жерлерин алалбай калбайбызбы?
+6
bratanyn
2021-03-15 18:17:20
Урматтуү Камчыбек Ташиев!Чегара боюнча Алабуканын Көк таш айылына өзүңүз келиңиз?Көк таш элинин үнүн угуңуз!
+7
Alia82
2021-03-16 17:23:35
Кээбир жерлерди берип дегени жакпайтат да...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан