Баткен облусунда кыздар арасында футбол уюштурулду. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарынын Кулатов атындагы стадионунда милиция кызматкерлеринин демилгеси менен “Аялдар футбол күнү” фестивалы болуп өттү.
"Бул иш-чарага 9 жаштан 12 жашка чейинки курактагы шаар аймагындагы мектеп окуучулары, тагыраагы, 200гө жакын окуучу кыздар катышты. 8 команда ойноп, жеңүүчүлөрүнө демөөрчү болгон Кыргыз өлкөсүнүн аялдар футбол ассоциациясынын өкүлдөрү тарабынан баалуу белектер, дипломдор жана медалдар тапшырылды. Бул иш-чарада Кызыл-Кыя ШИИБинин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери өспүрүмдөрдүн коопсуздугун, укук бузуулардын алдын алуу максатында өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөндүктөн укук бузуу фактылары катталган жок", - деп жазылат маалыматта.