Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кыш-Абад айылындагы дүкөндөрдө сатылып жаткан алкоголдук ичимдиктер жок кылынды. Бул тууралуу аталган айылдын жашоочулары SUPER.KG порталына кабарлашты.
"Кыш-Абад айылындагы жаштар жана айыл эли тарабынан колдоого алынып, алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынды жана жаштар акча чогултуп, бардык алкоголдук ичимдиктерди сатып алып төгүп жок кылышты", - деди бизге кайрылган айыл тургуну.