Биз социалдык тармакта

Бишкекке 9 кабаттуу медицина борбору курулат

Бишкек шаарына Катар өлкөсү 9 кабаттуу медицина борборун куруп берет. Мындай маалыматты Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын билдирүүсүндө, Катар өлкөсү курулуш иштери тез башталышына кызыкдар жана каржылоого толугу менен даяр.

"Катар мамлекетинин Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайити мырза менен жолугушуу өткөрдүк. Жолугушуу учурунда элчи мырза Катар өкмөтү Бишкек Травматология жана ортопедия борборунун жаңы тогуз кабаттуу заманбап технологиялар менен жабдууланган жаңы имаратынын курулушуна багытталган 9 миллион 240 миң доллар өлчөмүндө каржылоо болгонун билдирди. Бул каражат 100 пайыз грант түрүндө берилет. Насыя эмес, кайтарбайбыз", - деп жазды ал.

Ал эми жер маселесин Бишкек шаардык мэриясы чечип берерин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aiba.20201234567
2021-03-16 17:25:49
Жакшы жанылык экен...
0
Bakyt.shutov
2021-03-17 13:47:10
aiba.20201234567,:Жакшысы го жакшы жанылык бирок.узурун жеп жутарлар эле корот.Кыргызстанда курулуш иштерин жургузгон ири компанияларды катуу козомолго алып тушкон пайдасына Больница же мектеп курдурса жакшы болмок.а то жилой домдорду эле куруп элдин акчасын 3.4эселеп алып жатпайбы.же мамлекет озу куруш керек дагы и мамлекет озу сатыш керек.тушкон пайдасын Больница садик мектептерди же ишкана куруш керек.Мамлекеттин ото назиктигинен Мисалы Кыргызстанда ошончо жер турса 6сотых жер участогун кеми
0
Bakyt.shutov
2021-03-17 13:48:14
Bakyt.shutov,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан