УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин баласы Тай-Мурас Ташиев Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаттыгына аттанып жатат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланды.
Ал "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын тизмесинде 29-орунда турат. Сайтта жарыяланган маалымат боюнча, Тай-Мурас Ташиев 1994-жылы 25-январда туулган. Ал "Томас и Ко" ЖЧКСынын директорунун орун басары экени жазылган.
Жергиликтүү кеңештердин шайлоосу 11-апрелде өтөт.