SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Келиндин келгендегиси эсинен кетпейт" деген тема талкууга алынган.
Темадагы билдирүүлөр:
"Келин болуп барганыма 3-4 ай болгон. Кайнагам менен абысыным катуу уруша кетишти. Алар урушуп жатса жаңы келген менин жүрөгүм түшүп, кетем деп ыйлаганым эсимде";
"Мен болсо тескерисинче, биринчи жолу тамак жасап, баарына куюп, акырында өзүмө куюп келип эч кимди карабай иче бериптирмин, бүтуп эле карасам эч ким ичип бүтө элек экен, аябай уялгам. Кийин төркүнүмө барганда айтсам байкелерим күлүп "дагы бир кесе куюп келип иче бербейсинби" деп шылдыңдашат. Негизи эле тамакты бат ичем, бир жолу үйгө кайнсиңдим келип калды, анда да биринчи ичип койсом жолдошум дагы куюп келип ич деп коёт";
"Жаңы келин болуп барганымда кайнагам отко чакырды. Телевизор көрүп отурган экен, Ильяз Абдразаков ырдап жаткан. Келин, бул кайсы ырчы? дейт кайнагам. "Ильяз Абдразаков" десем, "ким?" деди укпаган адам болуп. Дагы кайталап койсом, "тилиң аябай жакшы келет экен десе", "не сакоо белем тилим келбегидей" деп коём. Жолдошум болсо көзү менен ымдап коёт. Көрсө кайнагамдын аты Абдразак экен. Уялып кайнагамдан бир жылдай качып жүргөм".
Талкууга кошулуу үчүн бул жерди басыңыз.