Орусиянын Сургут шаарында өрттөн каза болгон 9 жана 6 жаштагы баланын апасына кылмыш иши козголду. Бирок камакка алынган эмес. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-мартта Сургуттагы консулдун катышуусунда каза болгон балдардын сөөгүн Кыргыз өлкөсүнө узатышты.
"Балдардын апасына кылмыш иши козголду. Камалган жок. Балдарын жоготконуна байланыштуу апасынын абалы жакшы эмес. Учурда ал ооруканада", - деп билдиришти элчиликтин маалымат кызматынан.
Эске салсак, буга чейин, 11-март күнү Сургут шаарында (Ханты-Манси автономиялык округу) турак үйдөн өрт чыгып, 9 жана 6 жаштагы эки бала каза болгону маалымдалган. Алар Кыргыз жарандары болушкан. Белгилүү болгондой, каза болгон балдардын энеси кырсык болгон учурда жумушта болгон.