Биз социалдык тармакта

Кадамжайда 22 жаштагы Гүласалхон Яхиева дайынсыз болуп изделүүдө

Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Учкун айылынын тургуну 1998-жылы туулган Гүласалхон Яхиева өзү жашаган үйдөн 2021-жылдын 2-март күнү саат 08:00 чамасында чыгып кетип кайрылып келген эмес. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Өзгөчө белгилери: Бою 155-160 сантиметр, ак жүздүү, кашы-көзү кара, чачы күрөң түстө, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: Үстүндө агыш түстөгү кофта жана боз түстөгү пальто, астына кара түстөгү жынсы шым, бутунда кара түстөгү кышкы бут кийим.
Сүрөттөгү Гүласалхон Яхиеваны таанып-билгендер болсо төмөнкү телефондорго байланышып коюну милиция кызматы суранат. Байланыш телефону: 102, 03655 5-02-29, 0704 276 416.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tatu_8889
2021-03-16 16:35:01
Ии биздин айылдан го,себеби бар бекен?
0
bond0202
2021-03-16 18:51:20
Tatu_8889,бир айылдан болсон себебин сен билесин да.тааныштарынан сура
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан