Чолпон-Ата шаарында түнү кафеден болгарка уурдап бара жаткан жаран колго түштү

Ысык-Көлдө милициянын мобилдик тобу тез аранын ичинде кафеден буюм уурдап бара жаткан адамды кармашты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-март күнү болжол менен түнкү саат 22:20 чамасында шаардын борбордук көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринин жанынан өтүп бара жаткан милиция кызматкерлери тосмодон ашып түшүп бара жаткан белгисиз адамды көрөт. Териштирүү учурунда шектелип кармалган Чолпон-Ата шаарынын тургуну 43 жаштагы Ф.А. кафеден 3500 сомду түзгөн болгарка буюмун башка бирөөлөргө сатуу максатында уурдап чыккандыгы белгилүү болгон.

Ошол эле күнү Ысык-Көл РИИБинин кызматкерлери ыкчам маалымат боюнча, жолдо келе жаткан унааны токтотот, анын ичинде баӊгизатын ташып бара жатканга шектелген 28 жаштагы Балыкчы шаарынын тургуну Б.Т. бар болгон. Ал райондук милициянын бөлүмүнө жеткирилип, тийиштүү тергөө-процессуалдык иш-аракеттер жүргүзүлгөндө, жанындагы зат баңгизаты экендиги аныкталган.

Учурда бул иш боюнча териштирүү башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sely
2021-03-17 09:19:01
Америку открыли
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан