Жалал-Абад шаарында 20 жана 19 жаштагы балдар кудуктардын капкагын уурдаган деп кармалды

Жалал-Абад шаарында кудуктун капкагын уурдагандар кармалышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүдө жазылгандай, 15-мартка караган түнү Жалал-Абад шаарынын бир нече көчөлөрүнөн жалпы 15 даана кудуктун капкактарын белгисиз жарандар уурдап кетишкендиги боюнча Жалал-Абад шаардык "Сууканал" ишканасынан арыз менен кайрылып, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 200-берене (Уурдоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары Сузак районунун 2000-жылы туулган жана 2001-жылы туулган жашоочулары кармалышты. Иш боюнча буюм далилдери аныкталып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Учурда бул шектүүлөрдүн башка кылмышка да катыштыгы бар же жоктугу боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Эске салсак, Жалал-Абад шаарындагы Манас кең көчөсүндө жолдун эки тарабында суу канал башкармалыгына таандык кудуктун темир капкактары уурдалганы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан