Бүгүн, 16-мартта Ирактан 79 кыргыз бала атайын борт менен мекенине алып келинди. Балдарды кайтаруу өлкөдөгү бир катар мамлекеттик органдар жана Бириккен улуттар уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан көрсөтүлгөн олуттуу жардамдын негизинде жүзөгө ашырылды.
ЮНИСЕФ өкмөттүн бул ишин жогору баалай турганын уюмдун аймактык директору Афшан Хан билдирди. Айтымында, Ирактан кайтып келген бардык балдар үчүн үй-бүлөлүк шарттарды камсыздоо жана алардын башка балдардай эле кадыресе балалыкка кайта алышы үчүн билим алуусуна мүмкүн болгон шарттарды түзүү зарыл.
"ЮНИСЕФ балдардын укуктарын коргоо боюнча өзүнүн мандатынын алкагында жана куралдуу кагылышуудан жабыркаган балдарга жардам берүү боюнча көп жылдык тажрыйбасына таянып, Кыргыз өкмөтүн ушул гуманитардык операцияда колдоду. Мындан ары да бул балдардын өз үй-бүлөсүндө жана жамааттарда толук интеграциялануусуна колдоо көрсөтө бермекчи.
ЮНИСЕФ жалпыга маалымдоо каражаттарын бул балдарды коргоого, алардын жеке жашоосун сыйлоого, ар кандай басмырлоолордон же стигмалардан алыс болууга чакырат", - деди ал.