
17-мартта Ош жана Баткен облусунун кээ бир аймактарында электр энергиясы убактылуу берилбейт. Бул тууралуу "Ошэлектр" ААКсынан билдиришти.
Билдирүүдө жазылгандай, авариялык абалдын алдын алуу максатында төмөндөгү аймактарда саат 8:00дөн 17:00гө чейин электр энергиясы берилбейт:
* Кызыл-Кыя шаарынын Октябрьская, Дехканская, Кыргызстан, Матросова, 8-март, Интернациональная, Едренкина, Суукана, 14-кичи району, 15-кичи району, Восток, Восток-2, Жин Жиген айылы, Иродан, Механизаторская, Тынчтык, Кулатов, Тешик-Арык, Жаштык, Ак-Булак көчөлөрү;
* Ноокат районунун Арал, Кара-Кокту, Капчыгай, Беш-Тал, Борко, Калинин, Маданият, Көк-Жар, Найман айылдары;
* Кара-Суу районунун Кыдырша, Савай, Присавай, Кашкар, Кызыл-Мээнет көчөлөрү. Кара-Суу шаары Ленин, Пушкин, Заводской, Хлопзаводской көчөлөрү;
* Баткен районунун Суу-Башы, Кыштут, Дара, Кара-Бак, Төрт-Гүл, Ак-Турпак айыл өкмөттөрү;
* Ош шаарынын Ишкаван, Керме-Тоо, Кызыл-Байрак, Коммунист, Жданов айылдары;
*Лейлек районунун Бешкент, Маргун айыл өкмөттөрүндө (саат 8-00дөн 19-00гө чейин электр энергиясы берилбейт).
Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн "Ошэлектр" ААКсы кечирим сурайт.