Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринен унаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Москва жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде Jeep Grand Cherokee унаасынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 08:42де Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 08:58де толук өчүрүлгөн.