Өлбөгөн жанга жаз да келет демекчи суук кайтып, абанын температурасы көтөрүлүп жаздын илеби келе баштады.
Жаздын келиши менен жайында чаңы көккө сапырылган жаңы конуштардын көчөлөрү баткакка чыланат. Бул көрүнүш күн ысып, жер кургаганга чейин уланат. Жыл сайын бул маселени көтөргөн жашоочулар акыркы жылдары үн катпай эле, абалдан чыгуунун айласын таап алышкан. Дегенибиз жаңы конуштардын тургундары чоң таза жолго чейин бут кийиминин сыртынан целлофан баштык кийип чыгышат.
Шаардын борбордук көчөлөрү мышык ыйлай турган абалда экенин билген жарандар шаар чекесиндеги жайгашкан жаңы конуштардын маселеси жакынкы арада чечилбесин жакшы билишет.