Дүйнөлүк банк: "2021-жылы Кыргыз өлкөсүндөгү жакырчылыктын деңгээли 35 пайызга чейин жетиши мүмкүн"

2021-жылы Кыргыз өлкөсүндөгү жакырчылыктын деңгээли 35 пайызга чейин жетиши мүмкүн. Бул тууралуу журналисттерге Кыргыз өлкөсүндөгү Дүйнөлүк банктын кеңсесинин башчысы Навид Хасан Накви билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн экономикасынын абалы пандемия башталганга чейин эле кооптонууну жараткан. Расмий маалыматтарга ылайык, 2019-жылы өлкөдөгү калктын болжол менен 20 пайызы жакырчылыктын чегинде жашаса, 60 пайызга жакын жашоочулар аярлуу катмарга киришкен.

"2020-жылы өлкөнүн экономикасы 8,6 пайызга төмөндөдү. Бул процесс ошондой эле улуттук валютанын АКШ долларына карата 19 пайызга төмөндөшү менен коштолду. Экономика үчүн негизги шоктордун бири 9,7 пайыз деңгээлиндеги инфляция дагы болду. Ушундан улам жакырчылыктын деңгээли 31 пайызга чейин жетти. 2021-жылга карата божомолдор боюнча, ал дагы 4 пайызга өсүп, 35 пайызга чейин жетиши мүмкүн", - дейт сандарга таянган Навид Хасан Накви.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Mirlan27011987
2021-03-17 13:12:03
Ой жүгүрткөн коом үчүн эң чоң трагедия - бул билимге, жаны идеяларга болгон кумардын жок болушу. Өсүп келе жаткан жаңы муунду жаңы идеяларды жаратуу жөндөмүнө үйрөтөлүк. Эски түшүнүктөрдөн арылуу керек. Болбосо жаны муун кайра эле эски догмаларга ишенип жашай беришине шарт түзөт. Жаңы идеялар жаралып турмайынча, эски тушунктор менен элдин жашоо турмушу алдыга жылбайт.
0
DanilAylin
2021-03-17 17:36:19
Mirlan27011987,Азыр билим менен жаны идеага эмес, интернет оюндарына пабдж, фри фаер оюндарына кумар да, келечекти ойлоп кыжаалат болуп кетем, элге пайдасы жок тарбияны бузган, зыянын тийгизчу сайттарды, интернет оюндарын жаап таштоонун жолу жок бекен
0
Islambek1993
2021-03-17 15:35:32
Ыйманга келиш керек дин мн жашасак иншалла бары жакшы болот айта беришет булар эртен эмне болушун кайдан билет би р Гана [Аллах] билет балким ушул жыл онуп осуп гулдоп кетербиз
+2
Mirlan27011987
2021-03-17 17:42:39
Islambek1993,
Элдин жашоо турмушу жакшырса анда ыйман болот, жакырчылыкта ыйман эч качан болбойт. Тескери качат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан