"Күтүп жатышат". Сургут шаарында өрттөн каза болгон бир тууган балдардын сөөгү өлкөгө келе элек

Орусиянын Сургут шаарында өрттөн каза болгон 9 жана 6 жаштагы балдардын сөөгү өлкөгө келе элек. Бул тууралуу Базар-Коргон шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Ильяз Төлөновго байланышканыбызда билдирди.

"Сөөк кечээ, 16-мартта келиши керек эле. Бирок келген жок. Балдардын атасына байланышка чыкканда бүгүн, 17-мартта келет деген. Азыр күтүп жатабыз. Эмнеге кечигип жатканын сурай алган жокмун. Себеби балдардын атасы дагы деле нес абалда экен. Азыр туугандары чогулуп күтүп жатышат", - деди Төлөнов.

Эске салсак, буга чейин, 11-март күнү Сургут шаарында (Ханты-Манси автономиялык округу) турак үйдөн өрт чыгып, 9 жана 6 жаштагы эки бала каза болгону маалымдалган. Алар Кыргыз жарандары болушкан. Белгилүү болгондой, каза болгон балдардын энеси кырсык болгон учурда жумушта болгон.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-03-17 15:29:55
Окуп жатып көзүмдүн жашын токтото албай атам
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан