Баткен облусунда кургатылган жемиштерди өлкө аймагына мыйзамсыз ташып келе жаткан Тажик жараны кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматына байланышканыбызда белгилүү болду.
Маалым болгондой, 16-мартта мамлекеттик чек ара аркылуу контрабандалык жүк алып өтүү аракетине бөгөт коюлду.
"Лейлек районунун Борбордук айылына жакын жерде нөөмөттө турган учурда чек арачылар контрабандалык жүктөрдү мыйзамсыз ташууга аракет кылган 1985-жылы туулган Тажикстандын жараны башкарып бара жаткан Портер унаасын токтотушкан. Унаада 1 тонна 475 килограмм кургатылган курма Кыргыз өлкөсүнө ташылып келе жаткан. Алдын ала маалыматтар боюнча жүктүн баасы 265 миң сомду түзөт", - дешти мекемеден.
Тиешелүү иш кагаздары толтурулгандан кийин кармалган жарандар жана контрабандалык жүк териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.