Өкмөттүн социалдык стабилдүүлүктү жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча биринчи кезектеги иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Планга премьер-министр Улукбек Марипов тарабынан кол коюлган жана анда аткаруу мөөнөтү ушул жылдын 1-июнуна чейин каралган 50 иш-чара бекитилген. Аларды ишке ашырууда көптөгөн багыттарда олуттуу жакшыртууларга жетишүүгө мүмкүндүк түзүлөт.
Кеңешменин жүрүшүндө өкмөт башчы белгилегендей, пландын бардык пункттары толук көлөмдө ишке ашырылышы керек.
"Инвесторлорду коргоого багытталган президенттин бир катар жарлыгына карабастан, жакында жоюлган Финансы полициясы тарабынан гана ушул жылдын январь-февраль айында 140 иш козголгон. Текшерүүчү органдар инвесторлорду коркутуу тажрыйбасын токтотушу керек", - деди Улукбек Марипов.
Ошондой эле иш-чаралар планынын ар бир пункту боюнча кеңири түшүндүрмө берген экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиевдин маалыматы угулду.
"Март айына карата төрт иш-чараны ишке ашыруу каралган, анын үчү аткарылган, анын ичинде консулдук кызмат көрсөтүүгө тарифтер төмөндөтүлгөн, бажы чек арасындагы ветеринардык жана фитосанитардык козөмөлдөө функциялары алып салынды. Бишкекте кесиптик багыт берүү борбору ачылды", - деди ал.
Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча иш жүргүзүлүүдө. Премьер-министр белгилегендей, өсүмдүк майын өндүрүүчүлөрдү салыктан бошотуу жөнүндө маселе талкууланууда, минералдык жер семирткичтерди сыртка ташууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө чечимге кол коюлду.
Соңунда өкмөт башчы белгилегендей, планды ишке ашыруу жыйынтыгы боюнча ар бир министрликке тийиштүү баа берилет, ал эми аталган документти ишке ашыруу үчүн жетекчилердин жеке жоопкерчилиги каралган.