Биз социалдык тармакта

Мамлекеттик комиссия "Кумтөрдөгү" алтын өндүрүшү менен таанышты

"Кумтөр" алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия өндүрүш жайынын абалы менен таанышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү комиссиялардын буга чейинки чыгарган бардык чечимдерин кайрадан карап, алардын аткарылышын көзөмөлдөө багытында 17-февралда жаңы мамлекеттик комиссия ишин баштады.

Бийиктиги 3600-4200 метрге чейинки алкакта жайгашкан “Кумтөр Голд Компани” ишканасында 4 миң 100дөн ашуун адам иштейт. Алардын 98,5 пайызы Кыргыз жарандары. Андан тышкары комиссия барган учурда компанияда иштеген чет элдик адистерди ырааттуу түрдө жергиликтүү кадрлар менен алмаштыруу аракети жигердүү жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Өндүрүштөгү иш процесси менен таанышкан комиссия мүчөлөрү бир катар сунуштарга токтолушту. Алсак, депутат Эрмамат Тагаев бир нөөмөттө 12-18 саат иштеген жумушчулардын иш убактысын 6 саатка кыскартууну сунуштап, кызматкерлердин ден соолугу башкы орунда экенин белгиледи. Ал эми депутат Рыскелди Момбеков кен казуу аймагында мөңгүлөргө аяр мамиле жасоо маселесин көтөрдү. Анткени ал жердеги беш мөңгүнүн экөө гана толугу менен таза турат.

Андан сырткары комиссия төрагасы Акылбек Жапаров уулуу заттарды сактоо, компанияда иштегендердин эмгек акысын, жөлөк пулдарын толук чегерүү, алардын ден соолугуна кам көрүү, саркынды суулар сакталуучу жайды коопсуз кармоо маселелерине байланышкан сунуштарды берди. Ошондой эле депутат Айнуру Алтыбаева кенди калктын келечеги үчүн пайдалангыдай иштетүү керектигин белгилесе, депутат Ныязбек Арзыбаев бардык кен жана шахталарды иштетүүгө бирдиктүү салык системин киргизүү зарылчылыгына токтолду.

Депутат Каныбек Иманалиев болсо саркынды сууларда калган болжолдуу 106 тонна алтынды кайрадан иштеп чыгуу керектигин билдирип, бул жаатта жаңы тендер өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалады. “Мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен алтын өндүрүшүнүн жаңы формуласын иштеп чыгышыбыз керек”, – деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
baisogur
2021-03-19 09:54:19
Комиссиянын иши адамдардын иш убакыты Ден соолугун текшергени бардынарбы уялам силерден кенде катылып жаткан сырды чукуп чыккандын ордуна денсоолук сурашып журот экенсинерда
+1
baisogur
2021-03-19 09:56:05
Кумторду текшергиле алтындын 10пайызы бизге калып жатат ал жерде не только алтын кумуш дагы бар анын улушун эмнеге текшербейсинер
+1
baisogur
2021-03-19 09:56:38
Оозунарды майлап койсо эле туйунунорду которуп кайтып калмай адатынар бар
+1
baisogur
2021-03-19 10:01:10
Садыр Жапаров Кумторду катуу которуп чыкты эле фактылар менен ошол факт каякта
+2
forever88
2021-03-19 12:02:32
baisogur,жок.Лампочка унутуп койду
-1
baisogur
2021-03-19 10:02:07
Кумтордун слиток алтындарын коргондо козунор банка болуп калатта эч нерсени корбой
+1
Japarali
2021-03-22 01:05:28
Канаданы айдап чыгыш керек вообще болду кыргызстан өзү иштетет калганын ушунча алтынды алдырганыбыз жетет, эми бизда алтын кашык менен тамак ичейли Россиялап мигрант болуп тентибей балдарыбыздын бешенесинде жашайлы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан