Биз социалдык тармакта

Кыргыз өлкөсү менен Түркмөнстан электр энергиясын жана жаратылыш газын жеткирүү маселесин талкуулашты

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов менен 18-мартта видеоконференцияда кыргыз-түркмөн кызматташтыгы тууралуу сүйлөштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, жолугушууда эки тарап кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык, транспорт-логистикалык, энергетика жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Мындан тышкары соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтип, курулуш тармагында жана башка чөйрөлөрдөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти. Түркмөнстандан Кыргыз өлкөсүнө электр жана жаратылыш газын жеткирүүдө эки тараптын кызматташуусу талкууланды.
"Жолугушуунун жүрүшүндө жогорку деңгээлдеги эки тараптуу тышкы саясий иш-чараларды уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жакынкы арада өкмөттөр аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-түркмөн комиссиясынын кезектеги 5-отурумун өткөрүү боюнча макулдашышты", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан