Эки жаран ооруканага жетип каза болгон. Өзгөндө унаанын ичинде отурган жарандарды атып кетүүгө шектүүлөр изделүүдө

Ош облусунун Өзгөн районунда адам өмүрүнө кол салган кылмышка шектүүлөр изделүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өзгөн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 18-марттан 19-мартка караган түнү саат 03:35 чамасында Өзгөн райондук аймактык ооруканасынан эки жаран ок атуучу куралдан денелеринен жаракат алып кайрылгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Аталган эки жаран ооруканага жеткенде каза болгон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Өзгөн шаарынын Ленин көчөсүнүн түштүк тарабындагы асфальт жолдо жергиликтүү 31 жаштагы М.Ш аттуу тургун өзүнө таандык болгон Хонда-Инспайер үлгүсүндөгү жеңил унаасында 21 жаштагы жана 31 жаштагы тургундар менен биргеликте отурганда, белгисиз унаа жанына келип токтоп, бейтааныш адам тарабынан унааны көздөй белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал менен ок атып, окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен.

Учурда кылмыштын бетин ачуу боюнча курамда Ош ОИИБинин жана Өзгөн РИИБинин кызматкерлеринен турган ыкчам тергөө тобу түзүлүп, тийиштүү иш алып барылууда. Тийиштүү экспертизалар дайындалды", - деп билдиришти маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Gulina90
2021-03-19 13:21:21
Эмне болуп баратабыз тооба кылдым атып кеткенди,тээп,же түртүп өткөндөй эле көрүп калышканбы,табылып жазасын алсын.Апасы туугандарына сабыр.
+5
Erlan_95
2021-03-20 00:03:22
Башчысы кандай болсо, эл дагя ошондой болот. Акыркы жарым жылда уурулук аябай кобоюп баратат. Ушинтип ачык эле атвп кетишип, тоноп кетишип, мууздап кетишмп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан