Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Жеңиш айылында өткөн жылдын 27-декабрь күнү Ала-Буга суусуна түшүп кеткен 28 жаштагы эркек кишинин сөөгү табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, издөө иштери 6-январга чейин жүргүзүлүп, дарыянын жээктери тоңуп калгандыктан токтотулган.
"ӨКМнын №47 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары издөө иштерин кайрадан башташты" деп жазылат маалыматта.