Саясатчы Жеңиш Молдокматовдун тарапташы Эрлан Бекчоро уулу сурак берип жатат. Бул тууралуу Молдокматов социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Эрлан Бекчоро уулу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында күбө катары саат 10:30дан берип суракта", - деп жазды ал.
Кечээ Эрлан Бекчоро уулу социалдык тармактагы баракчасына суракка чакырылганын жазып чыккан.
Буга чейин Жеңиш Молдокматовго тиешелүү кеңсеге Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан тинтүү жүргүзүлгөн.
Эске салсак, Конституциянын долбооруна каршы уюштурулган митингге Эрлан Бекчоро уулу дагы катышкан.