Биз социалдык тармакта

Чу дарыясы аркылуу Казакстанга өтүп бараткан Орус жараны кармалды

18-мартта УКМКнын чек ара кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары чек араны мыйзамсыз кесип өтүп бараткан Орусиянын жаранын кармашты. Бул тууралуу чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, нөөмөттө турган чек арачы Казакстанга Чу дарыясы аркылуу өтүп бара жаткан жаранды кармаган. Текшерүү учурунда кармалган адам 1989-жылы туулган Орусия Федерациясынын жараны экендиги аныкталган.

"Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин чек араны бузган адам кошумча текшерүү үчүн тиешелүү органдардын кызматкерлерине өткөрүп берилди",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан