Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Ирактан кайтарылган балдардан кабар алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-мартта Ирактан кайтарылган балдардын жашоо-шарттарын жана аларга кандай жардам көрсөтүлүп жатканын көрүп келди. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, мамлекет башчысы мекеменин имараты, жатакана бөлмөлөрү, ашкана менен таанышып, балдарга кандай тамактар берилерин көрүп чыкты.

"Борбордо балдар үчүн бардык шарттар камсыздалган. Аларга төрт маал тамак берилип турат. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери күнү-түнү алардын коопсуздугун камсыз кылышат. Тийиштүү адистер аларды туугандарына өткөрүп берүү үчүн кайрадан коомго аралаштырып, кадимки жашоосуна кайтаруу боюнча иш алып барышат.

Садыр Жапаров чет өлкөлөрдөгү өз жарандарынын коопсуздугун, өмүрүн жана ден соолугун сактоо үчүн мамлекет тарабынан бардык күч-аракеттер жумшалып, бардык ресурстар колдонуларын өзгөчө белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 16-мартта "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында, Ирактан кайтарылган 79 бала Чүй облусунун балдар борборлорунун бирине жеткирилген. Алардын ичинде 2 жаштан 18 жашка чейинки 38 эркек бала, 41 кыз бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Mirlan27011987
2021-03-19 13:47:06
Мамлекетке ийри зыян келтирген Раим миллионго окшогон коррупционерлер камалбайт. Ал эми Садырга сын айткандар камалып жатат. Садыр Жапаров акыйкатка тукуруп салбаса керек. Бийликтин каталарын элге көрсөтүп турушу керек бироо жарым болсо дагы. Болбосо жалан эле кошоматчылардын эле мактоолорун, алкыштарын эле угуп журо беребизби. Азыркы Сын пикирлер Садыр Жапаровтун бийликтеги ырахатына тоскоол болот жатат окшойт.
-8
bekbol2006
2021-03-19 14:16:49
Mirlan27011987, коп наалый бербечи
+1
Azat-123
2021-03-19 16:01:08
Mirlan27011987, кайдагы Раимди шылтоо кылып Садырга асылганды токтоткула
+2
portugalia
2021-03-19 15:10:41
Садырдай элдин колдоосуна татыган саясатчы чыга элек эле жакынкы убакта.Эми ишине ийгилик каалап туралы.
+6
Adilek16
2021-03-19 18:33:09
Раимдин чыныгы кандай адам экенин билбей туруп каралабагыла, АША мн Жээнбековдор пайдаланып каралап кетишти ал байкушту
+3
jaz99
2021-03-19 20:03:26
Причем тут Раим здесь другое дело
+3
Alinur96kg
2021-03-20 01:23:33
Бага турган эч кимиси жок болсо биз кыз багып алат элек.Карындашыма шерик кылып.Кантип билсек болот.
-1
Mister-XXX
2021-03-21 08:07:35
Alinur96kg,Плюс басам деп,минус басылып кетти.Жакшы оюңуз бар экен,Аллах ыраазы болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан