Биз социалдык тармакта

"Жеңиш Молдокматов боюнча суроолор берилди". Эрлан Бекчоро уулу сурак берип чыкты

Саясатчы Жеңиш Молдокматовдун тарапташы Эрлан Бекчоро уулу сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Күбө катары Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына чакырылып, сурак берип чыктым. Жеңиш Молдокматов, Тилекмат Кудайбергенов жана "Ханституцияга каршы борбор" боюнча суроолор болду. Тергөөнүн купуя сырын сактоо боюнча кагазга кол коюп бергениме байланыштуу, сурактын жүрүшү боюнча айта албайм", - деп жазды ал.

Кечээ Эрлан Бекчоро уулу социалдык тармактагы баракчасына суракка чакырылганын жазып чыккан.

Буга чейин Жеңиш Молдокматовго тиешелүү кеңсеге Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан тинтүү жүргүзүлгөн.

Эске салсак, Конституциянын долбооруна каршы уюштурулган митингге Эрлан Бекчоро уулу дагы катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kuban-1207
2021-03-19 14:50:38
Булар бузуку көрө албагандар камаш керек
0
Mirlan27011987
2021-03-19 14:56:43
Бизде уурулар, коррупционерлер камалбайт. Бизде бийликтин катасын, кемчилигин элге жеткергендер камалат. Биз коррупционерлерди жоопко тартуу маселесин коррупционерлер өзүлөрү чечкен системада иштейбиз.
0
Simels
2021-03-19 15:13:54
Mirlan27011987, Сен анык бузукусуң! Булар жана сага окшогондор бузуку, элдин тынчын бузуп митинг кылганга чакырык таштаганы үчүн суралып жатышат. НПОлордун акчасын алышып, өздөрүн активист деп атап алышкан самозванецтер булар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан