Мухаммедкалый Абылгазиевдин камакта калуу мөөнөтү 25-майга чейин узартылды

Бүгүн, 19-мартта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин баш коргоо чарасы каралды.

Соттун чечими боюнча, Мухаммедкалый Абылгазиевдин камакта калуу мөөнөтү 25-майга чейин узартылды. Өзү журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартты.

Эске салсак, буга чейин мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шектүү катары кармалганы белгилүү болгон. Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда “Кумтөр Голд Компани” ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго кол койгону аныкталгандыгы маалымдалган.

Аялдар эркектерге караганда 8 жылга узагыраак жашайт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Zumrudianka
2021-03-19 19:28:07
Бул кишини биринчи премьер министр болуп келгенде ии Жээнбеков таза адамдарды тартып атыптыр жеп ойлогом суйунуп, корсо бунун да ичи отуп кеттиго
+1
Asmat84
2021-03-20 08:36:10
Zumrudianka,
Башында баары эле тазадай болуп эле келишет анан эле эмне болуп кетет түшүнбөйсүң. Же ак үйгө чычкан келемиштер толуп алганбы? Буларга билгизбей кымырып жешип атабы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан