Кечээ, 18-мартта УКМК тарабынан Бишкек шаарынын Ленин жана Свердлов райондорундагы Мамлекеттик салык органдарынын жогорку кызмат адамдары пара алуу фактысы боюнча кармалган.
Аталган 2 кызматкер бүгүн, 19-мартта ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Свердлов райондук салык органынын башчысынын орун басары жана Ленин райондук салык органынын инспектору кызматынан бошотулду. Аларды кызматтан бошотууга пара алуу фактысы боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалышы негиз болду", - деп айтылат маалыматта.