Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония илдети 82 адамдан аныкталды. Акыркы суткада Ош, Талас, Нарын жана Баткен облусунда илдетти жуктуруп алгандар аныкталган жок.
Бишкек шаары - 55;
Чүй облусу – 19;
Ысык-Көл облусу – 5;
Жалал-Абад облусу – 3.
Республикалык штабдын маалыматына ылайык, өлкөдө жалпы 87 миң 321 жаран коронавирустан жабыркады.
Ал эми соңку сутка ичинде 46 бейтап коронавирус инфекциясын жеңип чыкты.
Бишкек шаары – 23;
Ош шаары – 1;
Чүй облусу – 17;
Ысык-Көл облусу – 5.
Муну менен өлкө боюнча жалпы 84 миң 130 бейтап оорудан сакайды.