Казакстанда өзгөчө кырдаал жарыяланды, 8 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялоо тууралуу жарлыкка кол койду. Коңшу республиканын өзгөчө кырдаал жарыялоосуна коронавирустун катталышы себеп болду. Өлкө башчынын маалымат кызматынын билдирүүсүндө, өзгөчө кырдаал 16-мартта күчүнө кирип 15-апрелге чейин созулмакчы.

"Жарандарынын коопсуздугун камсыздоо максатында Казакстандын конституциясында көрсөтүлгөн беренелердин негизинде өзгөчө кырдаал жарыялайм. Ага ылайык, 16-мартта эртең мененки саат 08:00дөн баштап 2020-жылдын 15-апрель күнү саат 07:00гө чейин Казакстандын бардык аймактарына өзгөчө кырдаал киргизилсин", - деп жазылган президенттин билдирүүсүндө.

Ошондой эле өзгөчө кырдаалды көзөмөлдөө үчүн мамлекеттик комиссия түзүлөрү айтылат маалыматта.

13-мартта Казакстанда коронавирус менен жабыркагандар катталып, 4 жаран карантинде экендиги кабарланган.
Бүгүнкү күнгө карата Казакстанда коронавирус менен жабыркагандардын саны 8ге жетти.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Japarali
2020-03-16 12:22:54
Границаны жабыш керек Кыргызстандан эч кимди чыгарбай киргизбей туруш керек если Кыргызстанга жетсе Кудай сактасын 6миллион элибизди кырып алабыз,бизде той тамаша-өлүм житим дегенге көп барабыз тез эле жуктуруп жетип келишет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан