Бишкек шаарында учурдагы кырдаалга байланыштуу дагы үч кошумча стационарлар ачылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ак-Ордо жаңы конушундагы №96 мектепте 30 орун, Ак-Босого жаңы конушундагы №81 мектепте 40 орун жана Аламүдүн 1 кичи районундагы №38 мектепте 50 кишиге ылайыкташкан күндүзгү стационарлар ачылды. Учурда бул үч стационар бейтаптарды кабыл ала баштады.
Буга чейин Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов брифинг учурунда Бишкек шаарында жалпы 9 күндүзгү стационарлар эртең мененки 08:00дөн кечки 20:00гө чейин иштеп жаткандыгын айткан.