4-июнга карата өлкөдө 28 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталып, көбү Бишкек шаарында катталды.
Соңку сутка ичинде өлкө аймагындагы ооруканаларда коронавирустан дарыланып жаткандардын ичинен 27 бейтап үйлөрүнө чыгарылды.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык 7 кызматкерден коронавирус илдети аныкталып, анын төртөө Ош шаарында экени кабарланды.
2-июнда Ошто коронавирустан каза болгон дарыгердин үй-бүлөсүнө компенсация төлөө маселеси каралып жатканы маалым болду.
Министрлик Нарында коронавирустун жайылышы өткөн аптага салыштырмалуу азайганын айтты.
Бишкектеги Республикалык СПИД борборунун бир кызматкери Орозо айт күндөрү коронавирус жуктуруп алып, учурда инфекциялык ооруканада дарыланып жатканы белгилүү болду.
Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарынын жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери менен болгон санарип баарлашуу учурунда өзгөчө абал алынды деп талаптарды жеңилдетүүгө эрте экенин белгиледи.
Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты, 31-мартты, 1-апрелди, 2-апрелди, 3-апрелди, 4-апрелди, 5-апрелди, 6-апрелди, 7-апрелди, 8-апрелди, 9-апрелди, 10-апрелди, 11-апрелди, 12-апрелди, 13-апрелди, 14-апрелди, 15-апрелди, 16-апрелди, 17-апрелди, 18-апрелди, 19-апрелди, 20-апрелди, 21-апрелди, 22-апрелди, 23-апрелди, 24-апрелди, 25-апрелди, 26-апрелди, 27-апрелди, 28-апрелди, 29-апрелди, 30-апрелди, 1-майды, 2-майды, 3-майды, 4-майды, 5-майды, 6-майды, 7-майды, 8-майды, 9-майды, 11-майды, 12-майды, 13-майды, 14-майды, 15-майды, 16-майды, 17-майды, 18-майды, 19-майды, 20-майды, 21-майды, 22-майды, 23-майды, 24-майды, 25-майды, 26-майды, 27-майды, 28-майды, 29-майды, 30-майды, 31-майды, 1-июнду, 2-июнду, 3-июнду окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.